Сулуулукка кам көрүүдө жана кээ бир көйгөйлөрдөн арылууга кадимки эле вазелин жардамга келет. Аны ар бир дарыканадан арзан эле баага сатып алууга да болот.
1. Чачты боёп жаткан учурда терини коргойт
Эгерде үй шартында чачыңызды боёй турган болсоңуз, анда кулакка жана маңдайга вазелин сүйкөп коюңуз. Ал химиялык заты бар жана териге терс тийгизүүчү чач боёктон териңизди коргойт жана териде боёктун тагы калбайт.
2. Макияжды калыпка салат
Бетиңизге макияж жасап жатып, кокусунан калем менен кашыңызды же көзүңүздүн үстүн туура эмес чийип алсаңыз, анда, баш жагына кебез капталган таякчага вазелин сүйкөп, туура эмес сызыкчаны үстүнөн сүртүп өчүрсөңүз болот. Булганбай жакшы өчүрүлөт.
3. Кирпикти узартат
Күн сайын кечинде уктаардан алдың кирпиктериңизге вазелин сүртүп жатсаңыз, тез аранын ичинде эле өскөнүн байкайсыз.
4. Эриндерди терс таасирлерден коргойт
Айрыкча суук аба ырайы учурунда сыртка чыгаардан мурун эриниңизге вазелин сүйкөп алсаңыз, терс таасирлерден коргойт. Ар дайым жылмакай жүрөт.
5. Атырдын жытын узакка кармайт
Атыр себе турган жерлерге алгач, вазелинден сөөмөйүңүздүн учу менен алып сүртүп, андан кийин атырыңызды сепсеңиз болот. Жыпар жытты узакка кармайт.
6. Скраб катары колдонулат
Эгерде сиздин бет териңиз абдан сезимтал келип, скрабдардан аллергия болсоңуз, анда, вазелинге бир аз кум шекер кошуп скраб жасасаңыз болот.
7. Сасык тумоодо жардамга келет
Тынымсыз чүчкүрүп жана мурдуңуздан суу агып, териңизди кызартып жиберген учурда вазелинден калың сүйкөп маска тагынып алсаңыз жагымсыз абалдан арыласыз.
9. Жарааттарды айыктырат
Жеңил жараатарды бат эле айыктырат. Күнүнө үч маал сүйкөп, бинт менен байлап жүрсөңүз, жарааттын үстү катый баштайт.
10. Кургак бет терини калыпка келтирет
Кургак бет терини калыпка салып, жеңил жана жаңы бырыштарды алдын алат.
Анар Омурбековна