Белгилүү алып баруучу Назира Кадыева ар кандай себептерден улам балалуу боло албай жүргөндөрдү ЭКО кызматын пайдаланууга чакырып жаткан жарнамалар боюнча фейсбук социалдык тармагына төмөнкүдөй кайрылуу калтырды.

Текстти өзгөртүүсүз беребиз:

“Кыз-келиндер ЭКО жасатам деп @ankalife_bishkek барбагыла!!! Өзүм башымдан өткөргөм. Алданып калбагыла! Кээ бир артисттерге акча төлөп реклама жасаттырып жатышат! 100 келинден бироо кош бойлуу болушу мүмкүн! Мен да бул тууралуу ток-шоу тарткам, кыздар акчасынан жок же баладан жок азыркыга чейин кредитин төлөйбүз деп кайрылган! Артисттер акчасын алып мактап коё берет, бирок, эмнеге Саламаттык сактоо министрлиги ушул маселени көзөмөлдөбөйт??? Түшүнөм лицензия акча турат! Бирок, жөнөкөй жарандар 300 миңдеген акчасын берип куру кол отуруп калып жатат. Кыргызстандыктарды эксперименттен өткөрүп жатышабы? Түшүнөм кепилдик берилбейт ЭКОго, 3 жыл мурун мен барганда эле сактоо камералары жакшы иштебейт, бекер барыпсың деп акыл айткандар болгон, бирок, ноябрда эле 40 кызга ийгиликсиз ЭКО жасалган, мага ток-шоу тартыңыз деп кайрылып жатышат! Эмне үчүн кайдыгерлик ким жооп берет! Аууууу Минздрав!!! Белгилеп койгулачы билермандарды” – деп жазылат кайрылууда».