Өткөн суткада өлкөдө 322 кишиден коронавирус табылып, 494 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаары – 83;
Ош – 6;
Чүй облусу – 104;
Ош облусу – 25;
Талас облусу – 7;
Нарын облусу – 12;
Ысык-Көл облусу – 41;
Жалал-Абад облусу – 26;
Баткен облусу – 18.
Кечээтен бери коронавирус эки адамдын өмүрүн алган. Каза болгондордун бирөө Бишкекте болсо, дагы бирөө Ош облусунда. Каза тапкандардын саны 1 303кө жетти.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 76 012ге жетип, 68 367 бейтап айыкты.
Азыркы тапта ооруканаларда 2 370 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 582 кишинин абалы оор деп бааланса, 94ү өтө оор абалда.
Бир суткада он медиктен коронавирус аныкталган. Ошол эле маалда жети медицина кызматкери коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылганы маалым болду.