Жогорку Кеңеш 10-январга белгиленген кезексиз президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Парламенттин 9-декабрдагы жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров 62 депутат каттоодон өткөнүн билдирди. Мыйзам долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина «каршы» добуш берди. Калган эл өкүлдөрү документти колдоду.

Электрондук табло болбогон үчүн добуш берүүдө каршы жана макул болгондордун так саны билинген жок.

«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорун кабыл алуунун өзү мыйзамсыз деп билдирди. Анын айтуусунда, «Референдум тууралуу» мыйзам долбоору тиешелүү жол-жоболордон өтүп, коомдук талкууга коюлгандан кийин гана парламентке келип түшүүгө тийиш эле.

Өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору чукул түрдө парламенттин 3-декабрдагы сессиясынын күн тартибине биринчи окууга киргизилген болчу.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына «бул — диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деп жооп кайтарган.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.

Булак: Т-медиа сайты