Милициянын мыкты уулдарынын бири, кесиптешим ИИМдин Күзөт кызматына караштуу Октябрь райондук күзөт кызматынын төртүнчү взводунун командири, милициянын капитаны Муканов Нурбек Жумакуновичти бүгүн Сиздерге тааныштырганы турам. Анда эмесе, кеп кезегин Нурбек мырзанын өзүнө берели.
Жаштын тилегин берет деген сөздүн чындыгы бар.
Мен өзүм 1979-жылы 15-октябрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында төрөлгөм. Атам Жумакун Муканов көп жылдар бою биздин айылдын башкармасы болуп иштеп, эмгеги сиңген адам эле. 2017-жылы атам оорудан каза болуп калды. Апам Гүлүйпа Кадырова эсепчи кызматында иштеген, азыр ардактуу эс алууда. Бала кезимден атам жана апамдын эмгегин актасам экен, мен дагы ата-энемдей болуп мамлекетке кызмат кылсам деп кыялданчумун. Форма кийип милиция кызматкери болгум келчү. «Жаштын тилегин берет” дегендей, 1996-жылы Бишкек шаарындагы КГУСТАга тапшырып, жол кыймылын уюштуруу кесибине ээ болдум.
Үйдө бекем тылым бар «2002-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөп келем. Тандаган кесибим өзүмө жагат, аны баалап, чын дилим менен кызмат кылып келем. Бул жылдардын аралыгында жашоомдо көптөгөн жакшы өзгөрүүлөр болду. Милициядан дос-жар күттүм, кадыр-барк, жакшы тааныш таптым.

Келинчегим Жанузакова Аида экөөбүз 19 жылдан бери бирге өмүр сүрүп келебиз. Келинчегим-менин үйдөгү бекем тылым. Ал менин жумушумду туура түшүнүү менен карап, жардамын аябай келет. Ортобузда татынакай эки уулубуз жана бир кызыбыз бар.
Атылган ок. Ыкчам аракет. Сакталган мүлк 2011-жылдан баштап ИИМдин Октябрь райондук Күзөт кызматында төртүнчү взводдун командири болуп иштейм. Кызматтагы балдарга өзгөчө маанилүү мекемелерди, жарандарыбыздын мүлктөрүн кайтаруу жана коомдук тартипти сактоодо жана ошондой эле кылмыштардын бетин ачуу боюнча милдеттерин туура жана так аткаруу боюнча күнүгө нускама өтүп, өзүмдүн милдеттеримди жоопкерчилик менен аткарып келем. Анткени кызмат учурунда ар кандай кырдаалдарга туш болуп калышыбыз мүмкүн. Андай окуялардын бирине эле токтолуп кетейин.
2020-жылдын 12-июль күнү түнкү саат 03:47 чамасында Бишкек шаардык Октябрь райондук Күзөт бөлүмүндө борбордук көзөмөл түйүнү аркылуу кайтарууда турган убактысында Бишкек шаарындагы ломбарддардын биринен “Айгай” белгиси келип түшкөн эле. Ошол замат, кармоо тобу жогорудагы айтып өткөн дарекке саат 03:50дө келдик, мекемеге болжол менен 200 метр аралык калганда, эшиктин чала жабылып турганын көрүп, табелдик куралымды колго алып эшикти көздөй бастым. Аңгыча мекеменин ичинен белгисиз жаран чыгып, качып жөнөдү. Ошол замат кармоо тобунун кызматкерлерин жардамга чакырдым да, жанымдагы чогуу иштеген кызматкер менен шектүү жарандын аркасынан кууп жөнөдүк. Белгисиз жаранга жетейин деп калганда, колундагы тапанчаны колдонууга аракет жасап, мени атып саларын айтты. Менин милдетим аны кубалап жетип, кармоо эле. Өзүмдүн табелдик куралым менен асманга эскертүү иретинде, бир жолу ок аттым. Ага карабастан, белгисиз киши куралын ыргытып жиберип, качканын токтотподу. Биз артынан кубалап барып кармап, дароо Октябрь райондук Күзөт бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө билдирип, 102 кызматы аркылуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын ыкчам тергөө кызматын чакырттым. Жардамга келген Октябрь райондук Күзөт бөлүмүнүн кармоо тобу менен биргеликте тинтүү жүргүзүү убагында ыргытып жиберген куралын таап алдык.
Ошентип, ал ломбарддын мүлкүн сактап, уурулукка жол берген эмеспиз. Жумушубузду жакшы жана так билгендигибиз, бири-бирибизди көз карашыбыздан түшүнө алгандыгыбыз, ыкчам аракет жана уюшкандыгыбыз үчүн оор жоопкерчиликтерди жеңишке жеткенбиз анда»
Айканыш САЛЫМБЕКОВА