2020-жылдын 8-декабрь күнү саат 00:15де «112» кызматы аркылуу Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл аймагынын Сыны айылындагы №26 бала бакча күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 1 өрт өчүрүү бөлүм тартылган.
Өрт саат 02:10 до курчоого алынып, саат 03:45де өрт толугу менен өчүрүлгөн, жалпысынан 784 м2 күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда, жабыркагандар жана каза болгондор жок.
КР ӨКМнин Басма сөз кызматы