Бүгүн, 9-декабрда Жазуучу Чолпонбек Абыкеев Конституциялык кеңешменин курамынан чыгаарын айтты. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
“Эмне болуп кеткенин өзүм түшүнбөй да калдым. Күтүлбөгөн жерден Конституциялык кеңешменин төрагасы Бөрүбашов көптөгөн адамдарды алып келип, Улуттук Курултайдын макамы жөнүндө маселени күн тартибине койду. Муну эртең карашыбыз керек болчу. Бирок курултайга тиешеси жок адамдардын көпчүлүк добушу менен Бөрүбашов мурунку позициясынан дагы төмөн статусту кабыл алып, кетип калды”, – деди Чолпонбек Абыкеев.
Анын пикиринде, элдик көзөмөл Баш мыйзамда көрсөтүлүшү керек болчу.
“Эл жылына бир жолу чогулуп, президенттин, парламенттин жана Жогорку соттун отчетун угуп, алардын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөшү керек”, – деп түшүндүрдү жазуучу.