Саясый пикирин социалдык тармак аркылуу жазып келген Алмазбек Акматалиев, коомчулукта талкуу болуп жаткан Башмыйзам тууралуу пикирин ачыктаган. Өзүнүн оюн  ортого салып, “Эми, биринчи жолу элге чыныгы тандоо мүмкүнчүлүгү берилип жатат! Бул демократия!” – дейт саясатчы Алмазбек Акматалиев.

—1993-жылдан бери бизде аралаш башкаруу формасы өкүм сүрүп келген. 2010-жылга чейин президенттик-парламенттик форма болсо, андан бери парламенттик — президенттик форма. Мунун негизи: ким Өкмөттү курайт жана башкарат! Бирок, аралаш системасында ар качан Премьер-Министр деген ар дайым садагага чабылганга даяр саясий фигура болуп келген! 2010-жылга чейин аны эч шылтоосу жок эле Президент алып коюп турса, 2010-жылдан соң депутаттар «бир жылкыны алгансың взяткага» деген шылтоо менен жайлап коюу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн…Ошол үчүн, Премьер деген «ашка жүк, башка жүк» кызматты жоюп эле коюш туура болот! Ошондо Президент 4-бийлик болбой, классикалык 3-бийликтин аткаруу бутагын баштап калат эле…

Ошол 1993-жылдан бери эл өзү башкаруу формасын тандаган эмес, аны тар чөйрөдөгү эле саясатчылар таңуулап келген! Эми, биринчи жолу элге чыныгы тандоо мүмкүнчүлүгү берилип жатат! Бул демократия, туугандар….

Президенттик форманы колдогондор: Биз Президенттик таза бийликте жашай элекпиз, ар дайым аралаш система болуп келди! Парламенттик форманы колдогондор: Биз таза парламенттик формада жашай элекпиз, ар дайым Президент үстөмдүк кылып келди! Эки тарап тең азыркы аралаш, чаржайыт, арабөк, жоопкерсиз башкаруу формасына нааразы жана андан кутулмайын Кыргызстан оңолбойт деп келишет! Эң туура! Анда эмнени талашып, кымгуут болуп чабышып жатабыз? Максатыбыз бир эле экен да: азыркы башкаруу системаны жоюу.

Анда талашты токтотуп, эки тарап тең референдумду колдошубуз керек экен да. Эл кайсы форманы референдумда тандаса да, эл нааразы болуп жаткан аралаш системадан КУТУЛАТ экенбиз. Аксакалдар соту тууралуу… Азыркы Конституциянын 59-беренесинде аксакалдар соту түзүлүшү мүмкүн, алардын ыйгарым укуктары атайын мыйзам менен тастыкталат деп гана турат…

Ушуга байланыштуу Аксакалдар соттор жөнүндө Конституциялык бул норманы эч өзгөртүүсүз эле калтырганы туура болот! Анан, ушул Конституциялык нормага таянып мыйзамда ал соттун ыйгарым укуктарын кеңейтип жана бекемдеп койсо болот деп ойлойм!

Конституция өтө майдаланып, деталдашып кеткени да туура эмес болот. Азыр деле, Аксакалдар сотторунун чечимдери аткарылганга милдеттүү. Эгер кайрылган жаран ал соттун чечимине нааразы болсо, укук коргоо органдарына же түз эле кадимки райондук сотко кайрылууга укуктуу…Менимче, бул соттун табияты үчүн бул ыйгарым укуктар аябай эле жетиштүү! Маселе ошол Аксакалдар сотторун окутуп, алардын дараметин көтөрүүдө деп эсептейм

Мамлекеттик башкаруу формасы… Элге кайсы бир форма ар дайым таңууланып келген. Ал таңуулоо ар дайым референдум аркылуу ишке ашырылып келген. Таңуулоо дегеним, Конституциянын текстине катылган башкаруу формасы, килтейген Конституциянын текстинин бир эле бөлүгү болчу. Анан референдумга ошол бакыйган Конституциянын бүт, толук текстине макул же жок деген суроо берилип келген! Албеттте бул ТАНДОО эмес… Эгемендүүлүктүн 29 жылынын ичинде биринчи жолу ЭЛ, бийликтин жалгыз булагы жана ээси катары, кайсы башкаруу формасында (президенттик же парламенттик) жашагысы келет дегендин ӨЗҮ референдумда тандаганы турат, буюрса! Бул чыныгы демократия, накта тандоо, жагабы бирөөгө же жакпайбы! Эл тандасын! Ошол тандоого ылайык анан Конституция жазылат жана кабыл алынат! – деп жазган Алмазбек Акматалиев.

Булак: NazarNews.kg