Таиланддык аскер кызматкери Тханапхат Пратип каналдан балык уулап отуруп, эки баштуу жылан таап алган. Бул туурасында Newsflare жазды.

Кожоюну жыланды балыктардын майдаланган эти, креветкалар менен тамактандырарын айтып берген. Алгач, анын биринчи башына, андан соң кезек менен экинчи башка тамак берүүгө туура келерин кошумчалаган.

Окуя Наратхиват провинциясында болгон.

«28 жаштагы аскер кызматкери Тханапхат Пратип эки баштуу жана бир денелүү жыланды көргөндө чагып алат деген тейде чочуп кеткен. Бирок көп өтпөй анын кадимки суу жылан экендигин билип, кооптонууга негиз жоктугуна ынанган. Ал өзгөчө жаныбарды кармап алып үйүнө алып келген», — деп айтылат маалыматта.

Учурда ээси аны айнек идишке салып багып жатканын айтып берген. Жыланды кожоюну балыктардын майдаланган эти, креветкалар менен тамактандырат. Алгач, биринчи башка, андан соң кезек менен экинчи башка тамак берүүгө туура келерин кошумчалаган.

Тханапхат Пратип кийинчерээк сүйүктүү жаныбарына террариум жасап берерин билдирген.