Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Эргүүгө айланган кыш” аталышындагы поэзия кечесин өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, аталган поэзия кечеси эртең, 10-декабрь күнү КРнын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында, ал эми 11-12-декабрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде өткөрүлөт.

Программада белгилүү акын, жазуучулар жана чыгармачыл адамдар катышып, аны өнөр адамдары коштойт.

12- декабрь “Улуттук адабият күнү” кыргыз элинин эки залкары – улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана улуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү менен байланышып, 2011-жылы Кыргызстандын акын, жазуучуларынын демилгеси жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен кабыл алынган.