Жакшы аялга үйлөнүү – ар бир эркектин кыялы. Антсе да көпчүлүк эркектер сүйүүдө көзү сокур болуп үй-бүлө курууда аял тандоо жагынан жаңылып калышат. Бирок кылдат кароо менен өмүрлөш болчу айымдын туулган айына маани берип анын кыял-жоругун билип алганга да болот.
ЯНВАРЬ. Бул айда төрөлгөн аялдар турмуштун оош кыйыштарына чыдамдуу жана токтоо болушат. Ошол эле учурда мырзалардыкындай туруктуу сапатка ээ. Алар ичиндеги сырын ачык айтып бирөө менен бөлүшө бергенди жактырышпайт. Көйгөйлөрүн эч кимге билдирбей, өздөрү чечүүнү туура көрүшөт. Январь айында төрөлгөн аялдар тамакты түрлөп жасоого шыктуу болгону менен үй жыйнаганды көп жактыра беришпейт.
ФЕВРАЛЬ. Аталган айда жарык дүйнөгө келген аялдар оор мүнөздүү, айтканынан кайтпаган тырышчаак болушат. Ачуусу келгенде катуу жиндеп, ошол эле учурда өздөрүн эң кыйын абалдарда бир калыпта кармай да билишет. Кекчил, таарынчаак келишип, анча-мынча кыйынчылык туудурган жагдайларда, көпчүлүк учурда туура эмес болсо да тез чечим кабыл алышат. Адамдарды өзүнө бат эле баш ийдирип алышат. Андыктан карьера жасаганды да билишет. Балдарды абдан жакшы көрүшөт.
МАРТ. Март айында өтө сезимтал аялдар төрөлүшөт. Ар бир нерсени жүрөгүнө өтө жакын кабыл алып, терең маани бергендиктен, айтканынан кайтпаган мүнөзүнүн кесепетинен терс жагдайларга туш болгон учурлар да кездешет. Алар тартынчаак келип, сырын көбүнчө ичке катып, өздөрүн бактылуу эместей сезишет да, мунун кесепетинен көп нерседен кур жалак калышат. Табиятынан бул аялдар ийкемдүү, жылдыздуу келишкендиктен ар дайым мырзалардын көңүл борборунда болушат.
АПРЕЛЬ. Жаздын экинчи айында күчтүү, кайраттуу, көздөгөнүнөн кайтпаган, терең ой жүгүрткөн, тажрыйбалуу аялдар жарыкка келишет. Андыктан көпчүлүк учурда көздөгөн максатын акырындык менен ишке ашыра билишет. Эмоцияга, сезимдерге алдырбай, акыл-эс менен ой жүгүртүүгө жөндөмдүү болушат.
МАЙ. Чечкиндүү, башкара да, талап коё да билген, талашып-тартышууну көп жактыра бербеген аял. Бул аял таарынган адамын оңой менен кечире бербейт, андыктан түгөйү менен оңой эле ажырашып кетүүсү мүмкүн. Лидерлик сапат жогору болгондуктан жетекчилик кызматка күйөөдөн мурун тез жетишет. Жашоодо көбүнчө материалдык байлыкты жогору коюшат.
ИЮНЬ. Жайдын бул айында төрөлгөндөрдүн мүнөзүндөгү өзгөчөлүк — өтө этият келип, шекчил, сезимтал болгондору менен ак көңүл, алабарман, чыр-чатактан алыс болушат. Ошондой эле бул аялдардын ички туюму күчтүү болгондуктан жаман нерселерди алдын ала сезип, андан оолак болушат. Көбүнчө маанайына жараша иш кылышат.
ИЮЛЬ. Токтоо мүнөздөгү уяң аялдар – июль айында төрөлгөндөр. Алар бир нерсеге кыжалат болушуп, өздөрүнүн жүрүм-турумдарына дайыма баа берип турушат. Жашоосу маанайларына жараша калыптанып, сабырдуу жана кыялкеч, өтө сезимтал мүнөздөрүн көпчүлүккө билдире беришпейт. Июль айында төрөлгөн аялдар үчүн жашоодо үй-бүлө, очок эң биринчи орунда турат.
АВГУСТ. Көз карандысыз, өтө текебер, боорукер, айкөл, ошол эле учурда үстөмдүк кылууну жактырган лидерлик сапатка ээ аялдар. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болууну жактырышып, көпчүлүктүн ишеничине, алкоосуна татыган, ар дайым мырзалардын көңүл борборунда болгон аялдар болушат. Үй-бүлөлүк мамилени жогору койгон, адептүү, чынчыл болушкандыктан көбүнчө башкаларга алданып да калышат.
СЕНТЯБРЬ. Эмоционалдуу, кылдан кыйкым издеген бул аялдар өздөрүнүн максаттарына умтулуусу, өз пайдасына карап мамиле түзүүсү менен айырмаланышат. Булар өз жыргалчылыгын көп ойлоп, колу бекемирээк болгондуктан карыз алса оңой менен кайтаргылары келбейт. Көпчүлүктүн арасында жүрүүнү жактырышат, бирок өтө кызганчаак, көз карандысыз болууну максат кылышат. Тазалыкты жактырып, майда-барат нерселерге чейин көңүл бурушканы менен ашканада тамакты өтө даамдуу жасашат.
ОКТЯБРЬ. Сүйлөшө келсең акыл-эси тетик, жөнөкөй, жоопкерчиликтүү, ак көңүл, көрө албастыктан алыс аялдар. Чечим кабыл аларда өтө кылдат ойлонуп, анан иш кылган, өз ойлоруна туруктуу, чыккынчылыкты кечирбеген сапаттарга ээ. Эң башкысы үй-бүлөгө туруктуу, карамдуу, балдарын башкара билген, чарбачыл болушат.
НОЯБРЬ. Жашоодо өтө эсептешип жашаган, өзүн аябай жакшы көргөн өзүмчүл аял. Андыктан анын түгөйү жубайынын айтканын аткарбаганга айласы жок. Үнөмчүл, тыкан, сүйүүдө өтө кумарлуу, сексуалдуу жана темпераменттүү, эгерде бирөөнү сүйсө, өтө катуу берилип сүйүшөт.
ДЕКАБРЬ. Декабрь айында туулгандар чарт-чурт кыялдуу, эмоционалдуу, айтканынан кайтпаган, эч нерседен коркпогон, тартынбаган, баш ийбеген, бардык тоскоолдуктарды жеңип, ийгиликке жетишкен аялдар. Бат тил табыша билген, кыялкеч, жакшы курбу болушат. Үй-бүлөлүк турмушта сарамжал эмес, майдалыгынан кыйынчылык тартып жабыркап келишет.
Интернет булактарынан алынды.