АКШ тарап Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду даңазалап, аны “Магнитский акты” деген аталыштагы белгилүү «кара тизмеге» киргизди. Бул тууралуу маалымат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Ага белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу АКШнын бул мамилесин “Аты улук — супрасы курук” деген акциянын бири катары деп эсептейт.

—“Кыргызстанга өнүккөн өлкө болсо, өнөр-жайы жана технологиясы өнүккөн, эл аралык  экономикалык байланыштары күчтүү мамлекеттер санкциялардын бул таасири бар. Ал эми Кыргызстандын калкынын 60 пайызы ашыгы кедей жашайт. Райымбек Матраимов сыяктуулар Америка менен иш кылбайт. Алар өнүккөн Кытай, Араб өлкөлөрү жана бай коңшу өлкөлөр менен иштешет. Ошондуктан Матраимовго бул санкциялар баари-бир, күнөө койгон боло берет. Американын бул кадамы “аты улук — супрасы курук” деген акциянын бири.

Евпропа бул санкция үчүн Американы кыйын деши мүмкүн. Бул санкциянын Кыргызстанга эч кандай пайдасы жок болсо, Райымбек Матраимовго эч кандай зыяны дагы жок. Экинчиден, АКШ биздин саясатка аралашып, бийликке таасир кылып, силер чара көрбөсөңөр биз чара көрүп, биздин көзөмөлдө деген ойду билдирип жатат”, — дейт ЖК мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу.

Эске сала кетсек, АКШ бийлиги Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду “Магнитский акты” деген аталыштагы белгилүү «кара тизмеге» киргизген. Ага жооп катары Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Рамзан Кадыровго каршы киргизилген АКШнын санкциясын «мыйзамсыз» жана «достукка жатпаган кадам» деп каяша айтып Американы “осол” кылган.

Булак: NazarNews.kg