2020-жылдын 9- декабрь күнү Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын окуу залында Нарын облустук ички иштер органдарынын шаар, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлоруна семинар өткөрүлдү.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМнин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Нуржан Адылова жана Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун эксперти Гүлбарчын Жумабаеванын катышуусу менен өткөрүлүп, семинар кызуу улантылып кызматкерлер керектүү маалымат менен камсыз болуп, кызыккан суроолорго жооп алышты.
Кыргызстанда сексуалдык зомбулуктан жапа чегишкен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн 80 пайызы тааныштары жана жакындары тарабынан кабылышкан. Балдарга карата сексуалдык кол салуулардын жарымы үйдө же конокто жасалып жатат. Мындай басмырлоонуу токтотуу аракеттин Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун адистери жаш өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор жана мектеп мугалимдери ата энелер, окуучулар менен биргеликте алдын алуу окутуулардан өтүп келишет.
Иш-чаранын алкагында Нарын шаарынын жайгашкан №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинде ата-энелер окуучулар, социалдык педагог мугалимдер менен жолугушуу болду.


Анда жаш өспүрүмдөр менен жакындан иштешкен тажрыйбалуу мугалим кыздар арасындагы сексуалдык зомбулукка кабылып, айта албай жүргөн жаш балдардын көйгөйлөрү тууралуу талкууланды.
«Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту болтурбоо боюнча көп сектордук ыкма » долбоору Билим берүү жана илим мнистрлиги, Ички Иштер министрлиги жана Демократиялык процесстерди изилдөө борбору менен калктын аярлуу катмарына карата мамилени өзгөртүү болуп эсептелет. Долбоордун алкагында жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулукту алдын алуу боюнча он күндүк окутуу жүрүп, ага 54 мектептен 108 жашы жетелектер менен иштөө инспектор, социалдык педагогдор, психологдор, тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары катышкан.
Окутуунун акыркы күнүндө жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторлор менен мугалимдер сексуалдык зомбулукту алдын алуу тууралууу бирдиктүү планды түзүшкөн. Анын жыйынтыгында иш-чараларды натыйжалуу өткөрүү максатында пилоттук мектептерде «коопсуздук бурчу», баракчалар, видеосабактар, кыздар үчүн комикстер, видеороликтер көрсөтүлүп келет.
Окутуунун программасында сексуалдык зомбулуктун болушунун көйгөйлөрүн тереңден изилдөөнү жакшыртуу, балдарга карата сексуалдык зомбулуктун түрлөрүн, зомбулукка байланышкан терс ой-пикирлерди изилдөөгө багытталган маселелер каралган.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы