9-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов “COVID-19” коронавирусун алдын алуу жана көзөмөлдөө шартында коопсуздук боюнча чараларды көрүү, “Коопсуздук жана өнүгүү” эл аралык укук коргоо кызматташтыгы” аталышындагы видеоконцеренция форматында өткөн эл аралык форумга катышты.


Бул бешинчи эл аралык форум Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин демилгеси менен өттү.


Форумдун максаты COVID-19 коронавирусуна байланышкан чакырыктарга жана кырдаалга бирдиктүү аракеттерди көрүү, COVID-19 коронавирусун алдын алуу жана көзөмөлдөө шартында дүйнө мамлекеттеринин укук коргоо органдарынын арасындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, бул илдет менен күрөшүү, укук коргоо ишмердүүлүгүндөгү кызматташтыкты активдештирүүнү натыйжалуу талдоо жана талкулоо болуп эсептелет.
Министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча жүргүзгөн иш-чаралары жөнүндө маалымат берди. Андан сырткары, эл аралык укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын, өзгөчө “COVID-19” пандемиясы менен күрөшүү шартында маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Андан соң, министрдин орун басары эл аралык форумдун уюштуруучулары менен катышуучуларына ыраазычылыгын айтып, мындан ары дагы ийгиликтүү кызматташууга даярдыгын билдирди.

ИИМдин Басма сөз кызматы