Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева ээрге эптешкени иштин көзүн билбесе да, пиар менен алектене баштады.

Адаттагы кыдырмайларга азгырылып, тыкылдап текшеримиш этип, текирең таскакка салууда. Баскан кадамын соцтармакка жарыялап, сүрөткө болушунча сулуу түшкөнгө жандалбастап, айтор, беймаза болууда.

Байкаловго окшогон сергек жигиттер дароо байкагандай, көрсө, Сурабалдиева алдыртан эле парламенттик шайлоого даярданып, элге кебездей көрүнүп калуунун амалында жүргөн кербези экен.

Кызык, ары-бери чапкылап, ичип-жеп, шубасын жарнамаласа да мамлекеттин эсебинен жүргүзөбү? Кыйын шартта Эльвира эсиргенди коюп, иштеш керек, али Жогорку Кеңешке качан шайлоо болоору белгисиз. Бүгүнкү “суйкая” сүрөткө түшкөнү, жасалма жүрүшү эртең эле унутулуп калат.

Булак: «Азия News» гезити