Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаровдун аракеттерин колдой турганын айтты. Бул тууралуу ал түз эфирде билдирди.

Текебаев Садыр Жапаровдун чечкиндүү аракеттерин колдой турганын, өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшөрүнө токтолду.

“Мен Садыр Жапаровдун чечкиндүү аракеттерин колдойм. Эмне аракет кылыш керек экендигин өзүмдүн тажрыйбама, билимиме таянып жол көрсөтүп айтып берем. Айтып эле эмес, колдоп-коштоп берем деп айткам. Бирок бир гана нерсе болсо колдобойм. Эски заманды алып келип, жеке бийликти орнотобуз десе колдобойм дегем. Биздин акыркы кездеги конфликт жеке адамдардын ортосундагы конфликт эмес, идеологиялык-принциптик конфликт болуп жатат”,- деди Текебаев.

Эскерте кетсек, президенттикке талапкер болгон Садык-Шер Нияз,   Турсунбай  Бакир уулу  да Садыр  Жапаровду колдоорун айтып талапкерлигин алып салышкан эле.

Булак: Абал.кж