Буга чейин Д.Ж. аттуу жаран Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 2019-жылдан 2020-жылга чейин, ар кандай шылтоолор менен алдамчылык жол менен ишенимге кирген «Айгерим» аттуу чала тааныш аялга чара көрүүнү суранган. Ал 485 800 сомду ээлеп алып, андан кийин белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген.
Мындан тышкары, ушул жылдын башында Сокулук РИИБ дагы ушул сыяктуу арызды катталган, ошол жерде «Айгерим» аттуу аял арыз ээсинен 630 000 сом суммасындагы акчаны ээлеп алгандыгы, андан кийин ал дайынсыз жоголгону белгилүү болду.
Эки жабырлануучу аял тең акчаларын кайтарып ала албай, милицияга кайрылышкан.
Аталган факт Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнүн КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин (алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүрүп, 31 жаштагы гр. K.A. аттуу изделип, кармалган.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бүгүнкү күндө жогоруда аталган жаранга карата 10 арыз катталып, бардык фактылар боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
Эгерде К.А.нын аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо. Сураныч, Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнө телефон аркылуу кайрылыңыздар: нөөмөт бөлүмү 0 (312) 60-75-67, 0 (705) 00-50-49.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы