Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайлардагы көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөшүн улантууда.
Бул ирет «Кара-Жыгач» жана «Ак-Ордо» конуштарынын беш жашоочусуна чектеш аймактардагы антисанитардык шарттар үчүн “Бузуулар жөнүндө” Кодекстин 70-беренеси боюнча айып пул салынды, тилекке каршы, шаардыктар көмүрдү үйүнүн жанында, жолдун жээгинде сатышкан.
Ушул эле берене боюнча, Шопоков көчөсүндөгү «Паркинг Кей Джи», Бөкөнбаев көчөсүндөгү «Фармамир» жана Кийизбаев көчөсүндөгү «Дианур» ишканаларына айып пул салынды.
Новооктябрский тилкесиндеги ветеринардык клиниканын кызматкерлери колдонулган медициналык калдыктарын (шприцтерди) көчөгө ыргытышкан, клиниканын башчысы М.Г.га карата 71-берененин 1-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлдү. Таштанды челектерине тиричилик калдыктарын таштагандыгы үчүн Абай көчөсүндөгү “Айкөл” дүкөнүнө, Ахунбаев көчөсүндөгү “Апартамент” фирмасына жана Юнусалиев көчөсүндө жашаган шаар тургуну Б.Б.га протокол түзүлдү.
Жеке адамдар үчүн 5 500 сом, юридикалык жактар үчүн 17 миң сом өлчөмүндө 4-категориядагы айып пул бар. “Кап Строй Кей Джи”, “Сабыш” компанияларына Sport life фитнес-клубуна жана У.Э. аттуу жаранга 71-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, белгисиз жерлерге өндүрүш таштандыларын таштагандыгы үчүн айып пул салынды. Айып пулдун суммасы жарандар үчүн 7500 сомду, ал эми уюмдар үчүн 23 миң сомду түзөт.
Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздөрдүн, кеңсеңиздердин айланасын таза кармаңыздар, белгиленбеген жерге таштанды таштабаңыздар, көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыздар. Тартип жана тазалык – бул вирус менен күрөшүүнүн бир жолу.
Мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы дайым байланышта: 0 705 564756.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!