Бүгүн, Ош шаардык мэриясынын жыйындар залында ИИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов баштаган Коомдук кеңештин мүчөлөрү, эл аралык уюмдар, Ош шаарындагы, Ош облусундагы коомдук профилактикалык борборлордун жетекчилери, жарандык активисттер жана жергиликтүү милициянын жетекчилик курамынын өкүлдөрү катышышты.


Бул жыйындын негизги максаты болуп милициянын эл менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алууга карата иш-чараларды жүргүзүп, биргеликте аракеттенүүсү, коопсуздукту сактоого байланыштуу бардык аткарылуучу иш-чараларды башка малекеттик органдар, жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте аткаруунун механизмдерин талкуулоо каралды.


Маалым болгондой, 2015-жылы ички иштер органдары менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарынын негизинде Кыргызстандын региондорунда дагы көчмө жыйындарды өткөрүп туруу белгиленген. Ошол белгиленген иш чаралардын алкагында жарандык коомдун жана ички иштер органдарынын катышуусунда ушул күнгө чейин 13 ирет ушул сыяктуу көчмө жыйын уюштурулду.
Бүгүнкү Ош шаарында өткөн жыйында тараптар кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жаралган көйгөйлөр менен жетишкендиктерди биргеликте чечүүдө биргеликте башка мамлекеттик органдар, жарандык активисттер менен биргеликте аракет кылуу механизмин дагы жакшыртуу боюннча ой пикирлерин ортого салышып, тиешелүү сунуштарын беришти.
«Бүгүнкү күндө «коомдук коопсуздукту сактоо -милициянын иши» деп таштап салуу-туура эмес. Биз баарыбыз ушул коомдо жашап жаткандыктан- жалпыбыз милицияга жардам берип, коомдук коопсуздуктун сакчылыгында турушубуз керек. Анан албетте, милициянын кызмат өтөөсүнө бардык шарттарды түзүп берүүсүн тиешелүү органдардан суранышыбыз, талап кылышыбыз керек»,-деди ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов.
Жыйында жарандык коом инстуттары менен ички иштер органдарынын кызматташтыгына байланышуудагы алдыңкы иш тажырйбалар айтылып, аларды коомчулдукта жайылтуудагы тажрыйбалар, жана пайда болгон маселелер талкууланып, аларды чечүүнүн жолдору сунушталды. Адам укуктары, коомдогу терс көрүнүштөрдү жоюудагы дагы аткарылуучу иш-чаралар демилгеленди.
Жыйын соңунда жыйын катышуучулары тарабынан аткарылган мыкты аракеттерди белгилеп, ошондой эле алдыда аткарылуучу иш-чараларды камтыган резолюция кабыл алынды.
Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы