Россиялык саясат таануучу Никита Мендкович Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун “Магнитскийдин” тизмесине киргизилиши боюнча 24.kg маалымат агенттигине пикирин билдирди.

Анын айтымында, бул жеке санкциялардын тизмеси жана алар бир гана адамга тиешелүү. «Башкача айтканда, бул жалпы мамлекетке жана анын ЕАЭБ мүчөлөрү менен өнөктөштүгүнө эч кандай таасирин тийгизбейт», — деп баса белгиледи Никита Мендкович.

Ал келечекте санкциялардын киргизилиши АКШ менен Кыргызстандын мамилесин начарлатат деп эсептейт.

— «Кыязы, Мамлекеттик департамент өлкөнүн учурдагы жетекчилиги менен тирешүүгө бет алды. Матраимовду “Магнитскийдин” тизмесине киргизүү — бул кысым көрсөтүү, анын үстүнө коррупция темасын «педаль» аркылуу басуу, Матраимовдун азыркы бийликке жан тартып жатканына карабастан», — деди 24.kg маалымат агенттигине россиялык саясат таануучу Никита Мендкович.

Эске сала кетсек, 3 жылдан бери Бажынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов бир беткей атайын буюртма менен каралоо иштери жүрүүдө. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Бажынын экс төрагасы Кубанычбек Кулматов “орун басары” Райымбек Матраимводу бир беткей каралоосу тууралуу азырынча үн ката элек. Үлкөн саясатчылар Матраимовго болгон бул кадам “атайын буюртма” экендигин айтып келүүдө.

Булак: NazarNews.kg