АКШ тарабынан «Магнитскийдин тизмесине» кирген Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду коргоп, жан тартуу болгон жок. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкекте өткөн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйынынан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Башкы прокурор белгилегендей, Матраимов боюнча тергөө УКМК тарабынан жүрүп жатат. Ал кармалгандан кийин убада кылган каражатын төгүп жатат деди Зулушев.
«Менин маалыматым боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндее Райым Матраимов боюнча кылмыш иштери тергелип жатат. Акыркы маалыматтарга караганда, андан 1 млрд. сомго жакын мамлекеттик зыян өндүрүлдү. Тергөөнүн жыйынтыгы менен биз кандай чечим кабыл алабыз. Муну айыбы угузулганда билинет. Аны жакшы билесиздер», — деди Зулушев.
Матраимовго карата киргизилген санкция тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеев дагы журналисттердин суроолоруна жооп берип, өз оюн айтты.
«Матраимовду АКШ кара тизмеге киргизгени тууралуу мен кечээ интернеттен окудум. Бул ишти биз эмес, УКМК алып барат. Эгерде мен жооп берсем, УКМК эмне деп ойлойт? Мен келгенге чейин көп кылмыш иши козголгон. Мен келгенден кийин аларды УКМКга өткөрүп беришти».
Белгилей кетсек, 9-декабрда Эл аралык коррупцияга каршы күнүндө АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата санкция киргизген.
Эске салсак, Матраимов бажы системасынан 700 миллион долларды адалдап алууга катышкан деп күнөөлөнгөн. Анда Кыргызстандын чек арасынан анын калкалоосу алдында товарлардын эч тоскоолдуксуз өтүп турганы айтылган.
Матраимов үстүбүздөгү жылдын 20-октябрына УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалып, коррупциялык иштерин мойнуна алып, өлкө казынасына 2 млрд сом сом төлөп берерин билдирген.
Финансы министрлигинин 9-декабрдагы маалыматы боюнча Матраимов бюджетке дагы 126,8 млн сом которгону кабарланган