—  Сүйүн Абдылдаевич! Кандайсыз, ден соолуктарыңыз жакшыбы? Бир аз сыркоолоп калды деп уктук элек. Сизге саясаттан жана ишиңизден тышкары, Улук иниңизге байланыштуу бир-эки суроо берсекпи дедик эле. Коомчулук бизге суроо салып жатат, бул суроолор менин жана коомчулуктун суроосу деп түшүнсөңүз болот?...

—  Рахмат, ал-ахыбалды сурагандын өзү эле дары тура, суроонуздар болсо жооп берейин. Ааламды каптаган илдет бизге да келди. Өзүм анан өмүрлүк жубайым да ооруп калдык. Мен пневмания же кыргызча айтканда өпкөнүн сезгениши, ал эми жубайым COVID-19 болдук. Дарыгерлердин жардамы менен акырындап жакшы болуп келе жатабыз. Дарылоонун бардык процедураларын өткөрүп жана тиешелүү дарыларды азыр да байма бай алып, алар койгон талаптарды аткарып жатабыз. Ак халатчан дарыгерлерге биз терең ыраазычылык билдиребиз. Кудайым буюрса биз да тез арада сакайып, мамлекеттин жүгүн аркалаган ишибизди, милдетибизди жана парзыбызды аткарабыз деген ой тилектемин.
— Сизге оор тийиши мүмкүн, бирок иниңиз тууралуу сурайын дегем. Коомдо кайчы пикирлер абдан көп. УКМК К.Ташиев менен мамилеңиз кандай жана бул иштин аягы кандай болушу мүмкүн? Тергөө кандай өңүттө жүрүп жатат деген ойдосуз?…

— Ооба, бир тууган деген баарынан кымбат экендигин ар бирибиз жакшы түшүнөбүз. Бардыгына убакыт тараза. Тарыхтын бул күндөрү да ар бир маселени, жагдайды өз ордуна койот деген ишеничтемин. Ата бабаларыбыз айткандай ак ийилээр, бирок сынбас.
Мен көп жылдар бою ыкчам кызматтарды иштегем, сөзгө туруу, күтүү, акыйкаттык жана сабырдуулук мен үчүн өтө жогорку ишеним жана позициям десем да болот.
Туура айтасыз, коомдо К.Ташиев экөөбүздүн ортобузда кандайдыр бир жеке келишпестиктер бар деген сөздөр болуп жатат. Так кесе айтып койоун. Экөөбүздүн ортобузда эч кандай жеке келишпестик жок. Мамилебиз жакшы. Биз экөөбүз тең мамлекеттик системанын погон тагынган жоокерибиз, андыктан керек болсо жеке мамилелерден мамлекеттик кызыкчылык жогору туруш керек деген пикирдемин.
Мен ооруканага 3-ноябрда жатып калдым, инимди болсо 12-ноябрда кармашты. Тергөөнүн жүрүшү боюнча менин комментарий бергеним туура болбой калышы мүмкүн, ошол себептүү аталган жагдай боюнча акыйкат тергөө болот деген ишеничтемин.

— Ошто иниңиздин кармалышы боюнча каршылык акциялары өттү. Коомдун активдүү жарандары, алыс жакын туугандарыңыз да бизге кайрылып жатат. Балким Сизге да кайрылышкандыр. Каршылык акцияларын уюштуруу, пикет, митинг менен позициясын билдирүүгө кандай карайсыз?

— Мен эми моралдык колдоо көрсөтүп жаткан миңдеген мекендештериме терең ыраазычылык билдиремин. Ачыгын айтып коюшум керек. Акцияларды инимди колдогондор өткөрүшкөндүгүн билдим. Алар менимче коомдук тартипти бузушкан жок. Иниме жана ооруканада жаткан мага колдоо көрсөтүү, тилектештигин билдирген жарандарга ыраазычылык билдиремин. Бирок биз бул жол менен барбашыбыз керек. Бул жол опурталдуу жана провакациялар менен коштолуп кетиши мүмкүн.
Мамлекеттик саясатты жана мыйзамды жогору койгонубуз туура болот. Албетте, Улуктун да Ош жергесинде кадыр баркы, өзүнүн орду, сыйы жана тарапташтары бар. Мен анын кылмыштуу жолдорго баргандыгына эч ишенбеймин. Ошондуктан акыйкат тергөөнү сабырдуулук менен күтүүгө туура келет. Бүгүнкү учурда иниң камакта жатат, митинг, пикет уюштуралы, ошондо акыйкат сөзүбүздү айталы деп чакыргандар да бар. Эмне иниңизди колдобойсузбу, ачык сөзүбүздү каршылык акцияларында айталы деп айткандар да жок эмес…

— Аларга сиздин жообуңуз кандай болду? Менимче Сиз мыйзам тараптасыз?...

— Ооба, мыйзам жолу улук да. Менин да Мекеним деген патриоттук сезимим бар, мен коомдун сакчысы, коомдук тартиптин сакталышы, кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында отуз жылдай иштеген ири системанын өкүлү катары мындай акцияларды өткөрүүнү каалабаймын. Ага тууган, Эл журтумду, менин позициямды колдогондорду чогултуп алып пикет же каршылык акцияларын өткөрүүнүн кажети жок деп эсептеймин. Ар кандай провакацияларга алдырбашыбыз керек. Бирок, мамлекеттик бийлик да өз мыйзамдарын бузбаш керек, туура эмес кабыл алынган чечимдер элдик толкундоолорго алып келет.
Элдин коопсуздугу жана тынчтыгы мен үчүн абдан жогору, бардыгы мыйзам талаасында, чындыктын таразасында адилет чечилиши керек деген ойдомун.
Мен мамлекеттин жоокеримин, мага Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугу маанилүү, кыргыз улутунун жүзүн жогору көтөрүү, аны эркиндиги менен коопсуздугун сактоо, анын ишенимдери менен мыйзамдарын сыйлоо жана ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасынын акыйкат жана таза иштешине өз салымымды кошуу менин милдетим. Кайсы гана система болбосун, ишеним артса, мага ишенсе, мен дагы сөзгө туруп иштеп келгем жана иштей беремин. Мен Кыргыз элинин миңдеген патриот уулдарынын биримин деп эсептеймин.

Булак: “Ачык саясат” гезити