Пандемия учурунда жакындарынан айрылган (жоготкон) КР жарандарынын коомдук бирикмеси COVID-19 пандемиясына каршы даярдык көрүүгө жооптуу кызмат адамдарына карата чара көрүү талабы менен прокуратурага арыз даярдап жатат. Азыркы учурда прокуратурага арыз берүү үчүн кол чогултуу жүрүүдө.
Биз дарыгерлерге каршы эмеспис, аларга түзүлгөн ынгай-шартта дарыгерлер колунан келгендин барын жасашты. Биз пандемияга карата даярдык көрүүгө жооптуу болгон чиновниктер жоопко тартылыш керек деп эсептейбиз. Өз убагында дары-дармектер, медициналык жабдуулар (рентген, ИВЛ, КТ, кислородные аппараты жана башка), дарыгерлерди өз убагында коргонуу каражаттары менен камсыз кылышкан эмес, лабораториялар даярдалган эмес (дарылоонун протоколуна ылайык карасак, бардык дарылоо 12 анализге негизделүүгө тийиш, региондогу лабораториялар болгону 3-4 анализ чыгара алат).
Биз эмдигиче ковидге каршы күрөшүүгө бөлүнгөн финансалык каражаттар кайда кеткени, гуманитардык жардамдар качан жана кайда бөлүнгөнү боюнча отчет алалекпиз. Ошондой эле эмне үчүн дарылардын баасына көзөмөл болбогону суроо туудурат!
Биз бардык кайдыгер эмес жарандарды бизди колдоого чакырабыз!
Сиздер телефон чалып же Вотсап номерине жазып, кат менен кайдан таанышып жана кол коюш керек экенин билсеңиздер болот.
0552665523 Бишкек
0551690001 Ош
Фейсбук социалдык тармактагы Биз чындык үчүн баракчасынан алынды.