Эл аралык уюмдар Кыргызстандагы шайлоого алдын ала байкоо жүргүзүшүүдө. 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоодо добуш бере тургандар рекорддук көрсөткүчкө жетиши мүмкүн экени айтылууда. Москвадагы саясий социология илим изилдөө институту өз демилгеси менен кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары боюнча социологиялык изилдөө жүргүзгөн.

Сурамжылоо республиканын бардык аймактарында жана Бишкек менен Ош шаарларында 18-25-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн. Респонденттердин жалпы саны 7088 болду. Анда жашы 18ден жогору болгондор сурамжылоого алынган. “Эгерде Кыргызстандын президентин шайлоо кийинки жекшемби күнү өткөрүлсө, сиз шайлоого бармак белеңиз?” деген суроого жарандардын 84,5 пайызы ооба деп жооп берген. 10,6 пайызы шайлоого барууга даяр эмес, дагы 4,9 пайызы жооп берүүдө кыйналган.

Мындай сурамжылоолордун тажрыйбасы көрсөткөндөй, ар кандай себептерден улам шайлоого реалдуу катышуу болжолдонгондон да төмөн болот. Анткен менен Кыргызстан 2021-жылдын январь айында бул көрсөткүч боюнча жаңы рекорд коет деп айтууга негиз бар. Добуш берүүгө барам дегендердин ичинен Ысык-Көл, Баткен жана Нарын облустары алдыда. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда шайлоочулардын добуш берүүсү аз болору күтүлүүдө.

Кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү. Биринчи орунду мурдагы өлкө президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров (59,11%). Экинчи орунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров (3,23%), андан кийин парламенттин экс-спикери Канат Исаев (0,86%) турат. Ошондой эле алдыңкы бештикке мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов (0,28%) жана активист Арстан Алай (Абдылдаев) (0,26%) кирген. Мурунку депутат Равшан Жээнбеков 0,22% добушка ээ болушу мүмкүн. Калган талапкерлердин бардыгы жалпысынан жарандардын 5 пайыздан төмөн колдоосуна ээ болот.