Жети-Өгүз районунун милиция кызматкерлери кызматтык көчмө кабылдамасы менен алыскы айылдарды кыдыруусун улантууда. Бул жолу, алыскы сырт өрөөнүнүн тургундары менен кезигип, аймакта эки күндүк иш сапары менен болуп келишти.
Жарандарды кабыл алуу учурунда милиция кызматкерлери ар бир жергиликтүү тургундардын маселелерин кунт коюп угушуп, мүмкүн болгон көйгөйлөрдү талкуулашты жана аларды чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга багытталган билдирүүлөрдү, арыздарды кабыл алышты.


Алыскы сырт өрөөнүндө коопсуздук маселеси кандайча камсыздалынып жатканын, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарынын өз ооздорунан угушуп, тийиштүү чараларды колго алуу боюнча сунуштарды белгилешти. Жергиликтүү тургундар белгилешкендей, кышкы мезгилде карышкырлардын малга кол салуу учурлары көбөйүдө. Алар менен күрөштү негизинен өз күчтөрү жана каражаттары менен жүргүзүп келгендиктен, тийиштүү мамлекет органдары тарабынан көмөк көрсөтүлүшүн өтүнүштү.


Жети-Өгүз райондук милициянын башчысы Тилек Тюкебаевдин айтымында, Карасай, Ыштык, Үч-Кошкон, Ак-Шыйрак жана Каракол сырттарында 110 түтүндө 356 адам өз оокаттары менен алектенишүүдө. Алар, деңиз деңгээлинен 3,5 миң метр бийиктикте мал чарбачылык менен турмуш сүрүп келишет. Сырт аймагында аба ырайы катаал, температуранын төмөндөшү -15 градустан -40 градуска чейин жетет.
«Район борборунан алыс жайгашкандыктан, бул аймактын жашоочулары ар дайым милицияга эле эмес, башка мамлекеттик органдарына да өз учурунда кайрыла алышбайт. Ошондуктан, биз жарандарды милициянын көчмө кабылдамасы менен кабыл алууну чечтик. Жеринде милиция кызматкерлери жарандарга ар кандай официалдуу документтерди түзүүгө жардам көрсөтүштү, айрым чыккан маселелер боюнча арыздарды жана даттанууларды кабыл алышты. Ошондой эле, укуктук сабаттуулук боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз мүлктөрүн жана малдарын кантип коргоо керектиги жөнүндө өздөрүнүн кеӊештерин берип келишти», — дейт Тилек Тюкебаев.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы