Ушул жылдын жай мезгилдеринде Facebook социалдык түйүнүндө Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний экстремистик уюмдарга таандык болгон видео материалдар, Сирия мамлекетиндеги куралдуу кагылуушуну колдогон видеотасмалар, жихатка чакырган үндөр таркатылып жүргөн.
Бул факт Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ал эми таркатылган маалыматтарга комплекстүү экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында экстремисттик деп аныкталган.
Бул боюнча Кадамжай РИИБнин ЭММКАКтын ыкчам кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын жыйынтыгында 10-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарынан Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын 45 жаштагы А.О. аттуу жаранын аныктап кармашып, убактылуу кармоо жайына киргизген.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы