Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында өзгөчө макамы бар чек ара аймактарынын калкынын турмушун камсыздоочу жайлардын абалы менен таанышты.
Тактап айтканда, вице-премьер Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара заставаларында, чек ара жана ички коопсуздук объектилеринде болду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Максат Мамытканов тиешелүү кызматтарга мамлекеттик чек араны коргоо жана анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.
Андан соң вице-премьер-министр Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, анда мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча милдеттерди койду.
«Чек ара аймактарында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүү керек», — деди вице-премьер-министр.
Андан кийин ал өзгөчө статусу бар Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарын коопсуздук жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында курулуп жаткан объектилерди кыдырып, анда социалдык мекемелердин, анын ичинде Кулунду айылындагы бала бакчанын курулушу менен таанышты.
Максат Мамытканов белгилегендей, бардык объектилердин курулушу өз убагында бүтүшү керек, ошол эле учурда алардын сапатына да көңүл буруу зарыл.
Жумушчу сапарынын алкагында вице-премьер-министр саламаттык сактоо мекемелеринде жана энергетика жана суу чарба объектилеринде да болду.
«Калкты, өзгөчө чектеш аймактарда жашаган жарандарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Алдыда жылытуу мезгили турат, авариялык абал жаралбашы үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алуу керек», — деп белгиледи Максат Мамытканов.
Сапардын соңунда вице-премьер-министр чектеш аймактардын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда жарандар тарабынан социалдык, экономикалык жана энергетикалык мүнөздөгү маселелер көтөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Максат Мамытканов көтөрүлгөн маселелер боюнча бир катар тапшырмаларды берип, Мамлекеттик программа алкагында алынган бардык милдеттенмелер толук көлөмдө аткарыларын белгиледи.