Өрүкзарлуу Баткендин кулуну, кесиптеш агам Нургазы Анаркулов тууралуу жазгым келди. Нургазы Сейитказыевич басма сөз тармагынан эмгек жолун баштап, кийин өз алдынча гезит ачууга жетишип, ал гезити аркылуу саясаттын чоң казанында кайнап, элге маалымат жеткирүүдө эбегейсиз эмгек өтөдү.

Ар дайым калыстыкты карманган калем ээси бүгүн бакандай мамлекеттик кызматкер. Тагыраагы Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалымат, саясат бөлүмүнүн башчысы.

Маалымат айдыңын мыкты түшүнгөн, мезгилдин күрөө тамырын кармай билген кесипкөй адис. Ишенич артылган жоопту кызматты чоң жоопкерчилик менен, эн негизгиси калыстык менен аткарып жатат. Эмне дейли, ары түйшүктүү, ары жооптуу кызматыңызды ийгилик коштосун Нуке!

Бүгүнкү баштаган кадамыңыз жаман эмес, арышыңыз арбый беришине тилектешпиз!

Булак: «De Факто» гезити