4-октябрдагы парламенттик шайлоо алдында Финполициянын экс-төрагасы Бакир Таиров саясий партиялардын бирин каржылоо зарылдыгын шылтоолоп, кайсы  ишкананын жетекчисинен ири өлчөмдөгү акча каражатын алганы белгилүү болду. Бул тууралуу VB.KG басылмасы Финполициядагы булактарына таянып чыкты.

Анын айтымында, бул жерде жеке компаниялар жөнүндө сөз болуп жатат.

“Бир нече жеке компаниялар бар. Ири ишканалар – бул “Фрунзе” гипермаркеттер тармагы, “Технотоп” ЖЧКсы, “Электросила” ЖЧКсы жана дагы майда фирмалар бар. Алардан коркутуу жана опузалоо жолу менен алардан жалпы суммасы 1 миллион 200 миң долларды түзгөн акча каражаты алынган. Бул сумманы мамлекеттик агенттиктин жетекчилеринин бири чогултуп, Таировго өткөрүп берген болушу мүмкүн “, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ Финполициянын экс-төрагасы Бакир Таиров кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сотко чейинки процесстин алкагында, 2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында Финполициянын экс-төрагасы Бакир Таиров саясий партиялардын бирин каржылоо зарылдыгын шылтоолоп, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин бирин ири суммадагы акча которууга мажбур кылганы аныкталган.

Булак: NazarNews.kg