Экономика
Жыл башынан бери бензин 6,6 сомго, дизель 9,9 сомго арзандады
2020-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча, жалпы республика боюнча күйүүчү-майлоочу майдын чекене бааларынын жыл башындагы деңгээлге салыштырмалуу төмөндөшү байкалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.
Январь-ноябрь айларында республика боюнча орто эсеп менен бензин 6,6 сомго же 16,6 пайызга, дизелдин орточо наркы 9,9 сомго же 22 пайызга төмөндөгөн.
«Республиканын мунай сатуучулары республиканы керектүү көлөмдө күйүүчү-майлоочу май менен үзгүлтүксүз камсыздоону улантышууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында республикага жалпысынан 983,6 миң тонна мунай заттары импорттолгон, анын 459,8 миң тоннасы бензин, 523,8 миң тоннасы дизелдик күйүүчү май », — деп белгиледи АНК.