2020-жылдын 11-декабрында КР ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчылыгында, Ички аскерлердин биринчи колбашчысы Анарбек Шамкеевдин 73 жылдыгына арналган митинг–реквием болуп өттү. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басары, полковник Марат Нуралиев, Ичи аскерлердин колбашчылыгынын аскер кызматкерлери, ардагерлер, меймандар жана генерал-майор Шамкеевдин жакындары катышышты.

Иш-чара “Баатырлар аллеясында” жайгашкан генерал–майор А. Шамкеевдин айкелине гүлчамбар жана гүлдөр коюлуп, бир мүнөттүк эскерүүдөн башталды.

Ички аскерлердин ардагерлер кеңешинин төрагасы, камдыктагы полковник Нургазы Кульджаев чогулгандардын алдында Шамкеевдин артыкчылыктарынан Мекенге болгон жан аябай берилгендиктин жана өздүк курам менен күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда бай күжүрмөн жана практикалык тажрыйбага ээ болгондугун баса белгилей кетти.