Кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрүү пунктунда коңшу өлкөгө багыт алган 207 фура кезек күтүп турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Саат 14.00гө алынган маалымат боюнча «Ак-Тилек» бекетинде 145, «Кең-Булуңда» 33, «Чалдоварда» 29 жүк ташыган унаа бар.
«Кыргызстан тараптан жүк ташуучулар үчүн эч кандай чектөө жок. Чек арачылар тыюу салынган жүктөрдүн бар-жогун текшерип, машиналарды эч тоскоолдуксуз өткөрүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.
Ушу тапта кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу деп бааланууда.