Жүргүзүлгөн “Укуктук тартип” аталышындагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Жайыл РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан Алекссевка айылынын жашоочусу, 1965-жылы туулган К.В. аттуу жарандын үйүнөн Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы «Шпагиндин тапанча-пулемётуна» окшош ок атуучу курал табылып алынган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 252-беренесинде (Ок атуучу куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча катталды.

Азыркы учурда тергөө кызматы зарыл болгон экспертизаларды дайындады.
Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.