Шайтан зээриккенинен көпүрөнүн жанына келип азыр ким көпүрөдөн өтсө аны сууга түртүп бир аз көңүлүмдү ачайын деп ойлонот. Ойлонуп бүткүчө эле орто жаштагы эркек көпүрөгө келип калат. Мына-мына көңүлүмдү ачайын, сууга түртүп жыргайын десе эле ал адамдын жанына жолой албай коёт. Миң аракет кылса дагы шайдандын ойу ишке ашпайт, себеби ал адамга эртең менен жумушка кетээрде аялы «бүгүнкү күнүң ийгиликтүү болсун, Кудайым жолуңду ачык кылсын» деп бата берип узаткан болот.
Шайтан үмүтүн үзбөй башка адамдарды күтөт. Бир маалда студент бала көрүнөт, ал көпүрөнүн ортосуна келгенде түртөйүн дейт. Дагы эле адамдын жанына жолой албайт. Көрүнбөгөн дубал шайтанды тосуп калат. Ал көрүнбөгөн дубал энесинин эртең менен берген батасы болот. Энеси алыс, башка жакта жашаса да батасы ушундай күчкө ээ болот, бардык кырсыктан баласын коргой алат.
Шайтандын үмүтү үзүлүп, бүгүн менин күнүм эмес экен, үйүмө кете берейин десе көпүрөгө карыя келе жаткан болот. Бул абышкага ким бата бермек эле, алы деле жок, азыр жолум болот деп колун сүйүнгөнүнөн ушалап баштайт. Абышканы түртө салайын десе эле, дагы көрүнбөгөн дубал тосуп калат. Көрсө карыяга кызы күндө батасын берип, өмүрүн тилеп, Кудайга жалынып турган болот.
Көрдүңөрбү айымдар, биздин бата кандай күчтүү! Эркек үй-бүлөсүн күчү менен сактайт, аял — батасы менен коргойт. Аялдын батасы аралыкты билбейт, алыскы континентке чейин жете алат. Жада калса эненин батасы баласынын 7 тукумуна чейин тиет. Эненин батасы небере, чөбөрө, кыбыраны да коргой алат.
Бирок айымдар көбүнчө жаман жакты ойлошот, баламды тоноп кетпесе экен, ачка калбаса экен, бөөдө кырсык болбосо экен, ооруп калбаса экен, жолдо авария болбосо экен деп терс ойлорду ойлонот. Ой бул энергия! Кайсы сөздү көбүрөөк ойлосок, ал энергияга толот. Болбосо экен дегенди түпкү аң сезим түшүнбөйт, берки жанындагы авария, ачка, ооруп, тоноп, кырсык деген сөздөрдү түз кабыл алат. Эми ойлонуп көрүңүз, кандай бата берсек болот, кандай сөздөрдү пайдаланышыбыз керек? Пикир калтырыңыз.
Эртең аялдын каргышы боюнча сөз кылабыз.
Даярдаган Чолпон Өмүрбай кызы