Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев дарыгерлер үчүн жатакананын курулуш иштери менен таанышты.
Облустук бириккен оорукананын жетекчилигинин айтымында, жатакана 14 чакан үй-бүлөгө ылайыкташтырылган.
Курулушка Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынан сатып алууга 1 миллион 600 миң сом бөлүнүп, 724 миң сом жумшак жана катуу инвентарларды алуу каралган.