Акбото бий
(Поэма)
(Акбото бий тууралуу окуялар тарыхчы Гапыр Мадеминовдун маалыматтарына негизделди). 18-кылымдын башталышында Бухара бийлигинен бөлүнүп чыгып, Шахрух бий Кокон хандыгын негиздеди. Анын ишенген баатырларынын бири кыргыз элинин Лейлек жеринен чыккан Акбото бий, 1725-жылы Кокон хандыгына караган Ходжент шаарынын көз карандысыз башкаруучусу (бек) болуп бийликке келди. Аягында Шахрух бийдин уулу Рахим бийдин колунан жан таслим болду. Ал эми Рахим бий Ходжентти 12 жыл башкарды.
Бийлик бул өтмө-кетме убактылуу,
Чабандес чапкан атын — улакчы бул.
Бийликти иритер да сайган бездей,
Көбүртүп айткан сөзү ушакчынын
Ар дайым эчен эрди кас кылат эй,
Бийликтин мансабы да мас кылат эй.
Ар кайсы кылымдарда, мезгил, доордо,
Канча хан, канча баатыр жып жылас ээй!..
Кокон хандык Бухарадан бөлүнгөн кез,
Өзгөрүүдө бийлик да өмүрдөн тез.
Бир көзүң, бир көзүңө душман болуп,
Бөз матадай ынтымак сөгулгөн кез.
Шахрух бийдин тайманбас хан мүнөзү,
Болк эттирди Бухара эмирлигин.
Көтөрүлүш болбогон эч жүйөөсүз,
Элге керек жашоонун жеңилдиги.
Кокон хандык бийлиги орноп жаңы,
Керек эле бекемдөө пайдубалын.
Шахрух бийди ойлонтту күндүр-түндур,
Бийлик ыгы, жол-жобо, айла, амалы:
— Тоолуктардын тоотпос эр жүрөгү,
Кереги анык Коконго, хан сарайга
Сыр-Дарыя жээктеген эл жүдөдү,-
Тиер экен канткенде калкка пайда.
Карт тарыхта, Сыр-Дайра, Ходжент жайга,
Көзү түшкөн эчен эр, кожолордун.
Дүйнө кезген Искендер Зулкарнайн,
Катарында калдайып ошолордун.
Акбото бар эр жүрөк кыргыз уулу,
Тайманбаган бек-хандан шер мүнөздүү.
Жашабаган дилинде шумдук-куулук,
Эркиндик деп, эл үчүн дейт жүрөгү.
Башкара алат эл- журтту, Ходжентти да
Дал мына ушул Акбото жарайт маган.
Ынтымакка чакырып чар элди да,
Болоор балким гүлдөгөн Ходжент абат.
Кыргыз бүркүт көнбөстур оңой-олтон,
Кыргыз үчүн бийлик да капас сымал
Акботонун бошотпой томогосун,
Кантип кармап, кандай бир айла кылсам?!
Деп ойлогон оюна болуп көмөк,
Маңдайына ай чырай кызы келди.
Бешенеден өз кызын аяр өөп,
Ичтен тилеп: «Акбото теңиң» — деди.
Бадам көздүү сулуунун оюнда эмне,
Угуп жүрөт Акбото даназасын.
Акботодой жигиттер көөдөн керген,
Коргоп турган Кокондун дарбазасын.
Мажүрүм тал чачтарын тал-тал өргөн,
Кыздар менен кылыктуу, өткөн өктөм.
Жагып жүргөн хан кызы Акботого,
Балким буйрук тагдырбы же бул көктөн.
Керней-сурнай тартылды хан сарайда,
Той өткөрдү Шахрух бий күндөп, айлап.
Акботого никелеп айдай кызын,
Акботону Ходжентке бек деп шайлап.
Шахрух бийди ойлонтту дагы бир ой,
Акботодо эр мүнөз намыс туру.
— Бийлик берсең сен мага эркиндик бер,
Хан адеби бийликте калыс туруу.
Мына ошондой Акбото талап койду,
Кайнатага, Шахрухка, хан бийликке.
Шахрух дагы баатырды карап ойлуу:
— Мейли эркинсин, Акбото сен бийликте…
Деген кезде тоо бүркүт бийик учту,
Асман карап, көк карап сабалады.
— Эл үчүн мен көтөрүп бийик тууну,
Гүлгө айлантсам Ходжентти самаганым…
Миң сан ойдо баратты Акбото бий,
Тоолуктарым көөдөндө турат дайым.
Кыргыз, өзбек, тажик бир калкым менин,
Арыз-мунду укпайын, суратпайын.
Акбото бий тарыхты издеп келди,
Сыр-Дарыя жээгинде Искендердин.
Чеби турат эчаккы курган эски,
Бирин-серин бак-дарак суусап текши.
Грек, фарс, тажик жана эл кыпчактын,
Амир Темир, хан Бабурдун изи калган.
Сыр-Дарыя жердеген жер улуу сактын,
Көчмөн журт — кыпчак, каңды, тейит, найман
Акбото бий кыдырды базарларды,
Аталардын тек жайы, мазарларды.
Аалымдардын илимин, акындарды,
Медреселер дин жайды, казалдарды.
Көккө умтулган көгүлтүр мунаралар,
Билалга окшош азанчы, уламалар.
Таң калышып карашат тоолук уулду,
Тамашага келишти Курамадан.
Акбото бий ордого курду жыйын,
Ынтымакка чакырды элдин ыркын.
Орносун деп эл-жерге куттуу ырыс,
Улайт жолду бийликти, эркин кыргыз.
Ишчилерди апкелди тоолуктардан,
Усталарды узантып новлуктардан,
Кыдыр сымал алдынан жолуккан жан,
Бакубатуу эл болуп, албан-бардам.
Алып келди чуулдак кесегинен,
Адашпады он үч уруу эсебинен.
Аваат, каңды,найманы, дагы көп журт,
Чапкылдыктар, базарда лейлек килем.
Тамырлаш тагдырлашым тажик эли,
Өз деди сылык мүнөз өзбек эли,
Жүрөгүм тоолор, анан Согди деди,
Кымбатым өскөн жерим, кыргыз элим.
Жаңылап Искендердин чеп дубалын,
Ходжентке Козу-Баглан суусу келди.
Багбандар багып мейиз — жүзүмзарын,
— Ырахмат, сага Акбото уулум, — деди.
Базары кызый түштү кең калаанын,
Аткарып Акбото бий эл талабын.
Чыныда ысык көк чай, шекер, набат,
Чынында Ходжент шаары болду абат.
Коконго жетип турду даңазасы,
Ордодо күбүр-шыбыр, түрдүү кептер.
Акбото кеп-сөзгө да карабады,
Заадиден алыс эле өч же кектен.
Ишенди, жан-жөкөргө, жакындарга,
Арада куйту жүрдү, саткындар да.
Ал эми тоолуктардын мүнөзүндө,
Жок эле табияттан тарп аңдыган.
Шахрухтун өз баласы Рахим дагы,
Бийликке жакын эле бала чактан.
Ичинде турчу дайым атаандашып,
Шахрух бий Акботону калса мактап.
Мындайда кошоматчы койду соёт,
Ийилип көкүрөккө колун коёт.
Сөз ташып ары-бери чагымчылар,
Бийликте бир туугандык жолду жоёт.
Шахрухтун мезгили өтүп, келди убагы,
Ажалдуу өмүр турду алды жагы.
Ордодо дагы деле күбүр-шыбыр,
Бийликке чабаар экен кимдин багы?
Рахимге шыбап келет Акботону
Көздөрүн оюш керек ай, ошону.
Атакең өлсө эгер Акбото бар,
Бийликте болуп сенин жол тосоорун.
Бир күнү Шахрух бий да каза болду,
Эмиби бийлик талаш азап болду.
Бийликти бөлүш керек, өлүм менен,
Кастык ай, тандабады таза жолду.
Эх бийлик, кимди гана адаштырбайт,
Акбото деле жашап жыргап-куунап.
Көп нерсе унут болуп көңүлүндө,
Калган кез мансабына бир аз дуулап.
Рахим бий Акботону кылды тындым,
Кокон хан а ордодо дудук жым-жым.
Бийликтин бий ыргагы ошол экен,
Бир паста бүркүт мойну шылк деп сынды.
Рахим бий андан кийин эл башкарды,
Карт тарых берет ага өз баасын да.
Ким күчтүү болсо эгер ал камчы алды,
Алсызга жардам бербейт көз жашың да.
Бийликтин аза-бою мына ушундай,
Айлакер, кааласа эгер куу митаам.
Алданып калат айкөл, баатыр эрлер,
Болсо эгер аңкоо чалыш ким бепаам.
Акбото бийдин маалы болду кыска
А бирок ак эмгеги элге нуска.
Рахим бий көп жыл элди башкарды ырас,
Тең бирге кызматы бар кылаар ызаат.
Шахрухтун, Акботонун, Рахимдин да
Кызматын унуткан жок, эл эскерет.
Азыр да Ходжент абат, шаар гүлзар,
Музейден түшөт эске эзелкилер.
Акбото Кокон хандык тарыхында,
Ушундай болгон экен тагдырында.
Бийликтин бийик болсо мартабасы,
Бийликтин кыйын болоор жазмышы да…
17-20-апрель, 2020-ж.
Автору акын, журналист Айнагул Базарбаева