Мурунку премьер-министр Кубатбек Боронов ооруканадан чыкканын  жергеиликтүү маалымат булактар билдирди.

3-декабрда мурунку премьер-министр ооруканага жаткырылганы, ага коронавирус диагнозу коюлгандыгы белгилүү болгон.

Өкмөттү 2020-жылдын июнунан тарта К.Боронов жетектеп, октябрдагы баш аламандыктардан кийин кызматтан кеткен. Ал ошондой эле коронавирус менен каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабды да жетектеп турган.