Фотограф Андрей Коробков. Интерьерная и рекламная фотосъемка фотосъемка

Биз аялдар канчалык боорукер болуп, баарына кол шилтеп балдар үчүн деп күн кечирип келебиз. А бирок, эркек заты аны башкача кабылдайт турбайбы. 15 жыл чогуу жашап, кулк мүнөзүн, көз карашын баарын жатка билип калган соң калп эле куйтуңдап жашырууга аракет кылган менен көздөрү сатып коюп жатканын кайдан билсин. Мен болсо бой жеткен балдардан тартынам, көөдөндө  кайсы күнү кызым, атамды жаш кыз менен көрдүм деп айтып калат деген санаа. Ушул жашка кирип кайсы шайтан азгырды билбейм, же азыркы кыздар кыйла акылдуу, амалдуубу кандай?

Кыйын күндөрдү баштан кечирип, эки күндөп акчка отурган күндөр, балдардын апа нан жейм деп кыйнаган күндөрүн, ушундай кезде кантип унутуп кетти. Же бул көпкөндүктүн белгисиби?

Бул ишти баштаганда атамдан акча алып, карызга батып бутка тургузуп, аренда акысын эптеп берип жүрүп, акыры бул чайкананы өзүбүзгө өткөрүп алдык. Кудай жалгап, иш алдыга жүрүп шаардагы чайканалардын алдыңкы катарына чыга баштадык. Жумуш орундар көбөйүп, балдар, кыздар студенттер жумушка келет. Боорум ооруп баарына жардам берип жумушка ала берем. Ошолордун арасында шуулдаган, апарык, чырайлуу кыз келген. Кардарларды жакшы тейлейт. Бат кыймылдайт. Жылуу сүйлөп, “келип туруңуз” деп жакшы узатат. Ал келгени кардар көбөйүп, жакшы иштегенин көрүп администратор кылып алгам. Ошол кыз эми менин жумушумду гана эмес жолдошумду талашып жатат. Оо кудай! Жашы 50 дөн ашкан чалым ага ашык болуп, айланасында көпөлөктөй эле учуп калды. Калп эле ар кайсы шылтоону айтып, чайканадан чыкпай калды. Ал кызды бир ирет, эптеп шылтоо таап, жумуштан бошотууну чечтим, бирок жолдошум, көпчүлүктүн көзүнчө аны жактап, мени жаманга чыгарып коллективдин көзүнчө өзүмдү уят кылды?

Сабыр кармап, унчукпай келе жатам, ал кыз али жаш, балким бир аз убакыт өтсө, жашыраак жигит таап, ошол менен кетет деген ойдо жүрдүм. Бирок ишке ашчу түрү жок. Акыры интернетке жаш сулуу, келбетүү жигиттер жумушка алынат деп жарыя бердим. 9 дай узун бойлуу, келишкен жигиттер келди, алардын бешөөсүн тандап официант кылып жумушка алып, кыздарды айдадым иштен. Баягы кыз, мен алып келген жигиттерге “шеф” болуп мени менен ачык эле күрөшө баштады. Акырын бир Азамат деген жигитти чакырып сүйлөштүм.

— Ушул кызды эптеп иштен алабыз дедим.

— Эже түз эле айдап салбайбызбы дейт.

Ошондой болсо кана, ал үчүн жолдошум менен канча кырылыштым. Чайкананы кантип ачканды, карыз акчаларды, ачка күндөрдү уккусу жок, акыры ажырашам деп коркуттум, чайкана менин наамымда каалаган жагыңа кете бер дейт.

Терең ойлонуп, эмне үчүн кыйналып курган бактымды бир кызга алдырып жиберишим керек деп, белди бекем бууп күрөшүп жатам…