Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл «Дженгонун» жакын адамы делген 31 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

С.Б. аттуу адам 11-декабрда КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана аларга окшош нерселерди сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

УКМК ал «Дженго» каймана аты бар Кадыр Досоновдун өтө жакын адамдарынын бири экенин билдирди. Кармалган жарандын жашаган жеринен героин салынган таңгак табылып, мамлекеттик комитеттин Ош жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилген.

Эске салсак, УКМК ноябрдын этегинде Кадыр Досоновго издөө жарыялаган. Ал бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жатат.

2017-жылы «Дженгону» Кара-Суу райондук соту ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Шоноевди өлтүрүү иши боюнча актаган.