Жаш курагы келип калган аялдар экиге бөлүнөт:
1. Байбиче;
2. Кемпир.
Жаш курагы келип калган аялзаты өзүнүн үлгүлүү жүрүш-турушун сактабай, куучуӊдап, ар нерселерге ыгы жок киришип, элдин арасында ар кандай ушак-айыӊ сөз таратып, жаш-карыны көзгө илбей уятсыз сөздөрдү сүйлөп, жаш кезиндеги курбалдаш аялдар менен эркектердин ортосундагы жоруктарын, кимдир бирөөлөрдүн “баскан, турганын” бирөөлөргө, эл чогулган жерлерге айта берсе, калжактап, жалжактап, өзүнүн неберелери менен теӊ жаштарга тийишип, уятсыз анекдотторду айтып, күлдүрүүгө умтулуп, сүйүү темасынан сөз козгой берсе, бирөөнүн айтканын экинчи бирөөгө айтып, көбүртүп-жабыртып, эл арасында, коӊшу-колоӊдор арасында ырыс-ынтымакты кетирсе, анда ал аялзаты “шүмшүк кемпир, карыганча тойбогон, ачык этек, жезкемпир, эл бузар, ушакчы, бузуку” деген атка конот да эл алдында кеп-сөз болуп жаштарга тескери таасирин тийгизип, улуттун улуулугун жокко чыгара турган, адамдык сапаттан ажыраган адам катары көпчүлүктүн эсинде калат.
Байбиченин милдети төмөндөгүдөй:
1. Өзүнөн кичүүлөргө илгери болуп өткөн мыкты аялзатын — Каныкей, Сайкал, Курманжан ж.б. мисал келтирүү менен бирге эле эл арасында айылда жашап өткөн нарктуу, нускалуу салттуу аялзатынын элге, үй-бүлөгө, бардык адамдарга жасаган мамилелерин айтуу менен жаштарга тарбия берүү жана ушак-айыӊ сөздөр башталса аны токтотуп, тыйып, элдин ынтымагын бекемдөө.
2. Аял затынын милдеттерин толук түшүндүрүп, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, тийген эрин кадырлап-барктоо жана анын намысын сактоо менен үй-бүлөсүнүн, өзүнүн да намысын сактап, элге үлгү болуу менен жаштарды өзүнүн жүрүш-турушу менен тарбиялоо.
3. Аялзатына тиешелүү жана таандык болгон үйтиричилигинин, бала тарбиялоонун негизи маанисин алардын жан дүйнөлөрүнө киргизип, “аял бузулса, заман бузулат” деген сөздүн мазмунун ачыктап, “Эрди эр кылган да аял, эрди жер кылган да аял” деген макалдын төркүнүн кийинки аялзатына жеткирүү менен эрин кор кылуу аркылуу ошол аял өзү дагы андан жаман кор болорун, элге сөзү өтпөй урмат-сыйдан ажырап азапка батарын түшүндүрүү.
4. Айлана-чөйрөдө жашаган адамдарга, жаштарга элге, үй-бүлөгө,тууган-урукка, кайын журтуна жасаган акпейил, калыс адилет, боорукер, түз, кайрымдуу, мээримдүү, ачык, калыс мамилеси менен өрнөк болуу аркылуу артындагы кыздарды, келиндерди, жаш курагы кичүү аялдарды тарбиялоо.
Эгерде жогордагы милдеттер аткарылбай калса анда ал аялзаты “байбиче” деген нарктуу, салттуу даражага жете албай, “кемпир, жезкемпир, куу катын, же жөн эле аял” катары картайып, урмат-сыйга толук жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.
Интернет булактарынан алынды.