Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын президенттик шайлоого 18 талапкерди каттоого алды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Талапкерлердин тизмеси:

  1. Адахан Мадумаров;
  2. Арстанбек Абдылдаев;
  3. Канат Исаев;
  4. Рашид Тагаев;
  5. Женишбек Байгуттиев;
  6. Клара Сооронкулова;
  7. Аймен Касенов;
  8. Мыктыбек Арстанбек;
  9. Бактыбек Калмаматов;
  10. Имамидин Ташов;
  11. Курсан Асанов;
  12. Каныбек Иманалиев;
  13. Равшан Джеенбеков;
  14. Эльдар Абакиров;
  15. Улукбек Кочкоров;
  16. Бабыржан Тольбаев;
  17. Абдил Сегизбаев;
  18. Садыр Жапаров.

Фамилиялар БШКнын сайтына жарыяланган тартипте жазылды.

Талапкерлер каттоо үчүн керектелген бардык документтерди тапшырган:

  • Талапкерлигин көрсөткөн арыз;
  • Мамлекеттик тил билими жөнүндөгү сертификат;
  • Шайлоо күрөөсүн (1 миллион) төккөндүгүн тастыктаган документтер;
  • 30 миңден кем эмес шайлоочулардын колу;
  • Талапкер тууралуу маалыматтар.

18 жарандын бардыгына талапкердин документи ыйгарылды. Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.