PR (Public Relations) — Коомчулук менен байланыш. Бул түшүнүк акыркы жылда аябай актуалдуулугу күчөп, адистер дагы жаралды. Жандоочу кийик аттырат дегендей PR адисинин деңгээли, чеберчилик жөндөмү клиенттин образын ачып же коомчулуктун тескери пикирин жаратууга себепчи болот.
Партиялар же талапкерлердин негизги катачылыгы — саясий технолог же пиарщиктерди чет элден чоң суммаларга жалдап келгени. Алар жергиликтүү элдин күрөө тамырын билбейт, өздөрүнүн жериндеги технология менен иш алып барат. Ал эми шайлоочунун негизги активдүү бөлүгү болгон элет жериндеги шайлоочуларга маалымат жеткирүүдө алардын ыкмалары жарабайт. Анан, расмий тилде маалымат таратуу шаардыктар, интеллектуалдык деңгээли бийик адамдар үчүн. Ал адамдар өздөрү деле маалыматка ээ, пиарсыз эле анализ кылып алышат.
Талапкерлердин эсине: Маалыматтык саясатты элет жерине, карапайым элдин түшүнүгүнө ылайыктуу кылып, эне тилде, жалпак тилде таратуу оң натыйжа берет.
Акыркы маалыматтык ыкмалар боюнча, талапкерлигин алып салган Sadyk Sher-Niyaz мырзанын жардамчылары Шайырбек Абдырахман менен Ibraim Nurakun Uuluмыкты иштеди. 20 күн ичинде талапкери менен коомчулуктун пикирин ээлеп алышты.
Бактыбек Калмаматов болсо бир жактуу ызалануу, асылуу менен алек. Сын айтат, бирок альтернатива сунуш кыла элек. Пиарын өзү кылып жатат, ага жаңылануу керек. 2005-жылдагы саясий күрөштөрдө колдонгон ыкмаларды пайдаланууда. Аны 15 жыл мурда Мадумаров, Текебаевдер басып өтүп коюшкан. Асан кайгычылык менен элдин көнүлүн эле чөктүрүп, духун түшүрбөсө, башка пайда жок.
Садыр Жапаровдун пиары калыпка түшүп келе жатат, мурдагыдай аны колдогон тарапташтарынын агрессиясы азайып калды. Өзү дарегине айтылган маалыматтарга ыкчам реакция кылып, айрым учурда сындарды кабыл алып, тыянак чыгарууда. Бул жакшы сапат. Кыргызстандагы негизги саясий элитаны, команданы, жер-жерлердеги лидерлерди өзүнө тартты. Эң күчтүү маалыматтык ресурстар колунда.
Адахан Мадумаровдун колдоочулары мурдагы эле жүрүшү менен, «таза инсан» дегенден башка артыкчылык көрсөтө элек. Пиар жаатында тажрыйбалуу адистер көрүнбөйт, жандап жүргөн Aidanbek Akmatov акем Мадумаровду унутуп өзүн өзү пиар кылып калды. Адахан Мадумаров маалыматтарга бай, интеллектуалдык денгээли бийик адам. Анын образын өзгөртүү керек. Позитив жетишпейт, кабагына кар жаайт дайым. Күлүп жаркылдап койсо…
Канатбек Исаев саналуу эле жаш блогерлери аркылуу өзүн куру сөздөр менен мактатып жатат. Акыркы жүрүштөрү Токтайым Үмөталиева, Бектур Асанов сыяктуу саясатчылар менен тандем кылып, элден ишенимин азайтып алды. Жанында кеңешчилери жок окшойт, имидж бузуп салышты.
Абдил Сегизбаев жаңычыл технология менен, элге маалымат таратууда креативдүү, кыска нуска роликтер, ар бир чыкканы сапаттуу жана талкуу жараткан кадамдарды кылып жатат. Жанындагы кеңешчилери мыкты окшойт. Кийинки оппозициялык боштукту ээлеши мүмкүн.
Рашид Тагаев талапкерлердин ичинен эң позитивдүү, адекваттуу маалымат саясатын жүргүзүүдө. Эч кимге сын айтпайт, өзүнүн оюн башкаларга таңуулабай, программаларын айтып, образын жарык ачып жатат.
Курсан Асанов билинбегени менен белдүү саясатчыларды тымызын чогултуп, кийинки саясий жүрүштөрүн, тылын бекемдеп жаткандай сезилүүдө. Аны Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Өмүрбек Суваналиев, Темирбек Ишенбаевич Асанбеков, Феликс Кулов
ж.б саясатчылар колдоого алышууда.
Аймен Касенов тууралуу маалыматы бар адамдар ичинде легендалар айтылып жатат, Кремль менен байланыштырып. Бирок карапайым эл ичинде белгисиз инсан. Эл менен көпүрө куруп, жөнөкөй шайлоочуларга сиңиши керек.
Баарыңарга ийгилик каалайм, Кыргызстан оор абалда турат, ким утуп келсе деле чоң жоопкерчилик мойнунда. Элибиз аман болсун, ат салышкан азаматтар ынтымак болгула! Шайлоонун жыйынтыгын майрамдагыдай күтүп алалы.
Дайырбек Орунбеков, журналист.