Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык дагы 23 байкоочуну каттады. Акыркы маалымат боюнча, БШК 19 өлкөдөн 78 өкүлдүн жана чет жактагы тогуз уюмдун байкоочулук кылышына уруксат берди. Бул тууралуу аталган комиссиядан билдиришти.

10-январда болуучу мөөнөтүнөн эрте боло турган президенттик шайлоого ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар бюросунан 21 адам байкоочулук кылат. Дагы бирөө Россиянын БШКсынын өкүлү, дагы бири Конрад Адэнауэр фондунун кызматкери.

12-декабрга карата өлкөдө эл аралык 78 байкоочу катталган. Алар 19 өлкөдөн жана эл аралык тогуз уюмдан келген адамдар.