Эл аралык «Үмүт» жаш киночулар форуму Бишкек шаарында 21-25-декабрь күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фонду кабарлады.
Ага катышчу тасмалар:
«Карантинный дневник», режиссеру Самгар Рахим, Казакстан;
«Закарантирован», режиссеру Асылжан Абдумуталиев, Казакстан;
«Карантин», режиссеру Алишер Жадигеров, Казакстан;
«Из Ховрино», режиссеру Дария Елена Дашунина, Россия;
«Моя мама (не) самая лучшая», режиссеру Ирина Садчикова, Россия;
«Отражение», режиссеру Елена Нодель, Россия;
«Под гнездом аиста», Ани Оганесян, 2020, Армения;
«Без него», режиссеру Хамидреза Газеми, Иран-Россия;
«Река», режиссеру Дмитрий Давыдов, Саха, Россия;
«Айтал», режиссеру Владимир Мункуев, Саха, Россия;
«Родственник», режиссеру Ботир Абдурахманов, Өзбекстан;
«Мир Вирус Человек Природа», режиссер, Шокир Холиков, Өзбекстан;
«Вторжение», режиссеру Данте Рустав, Өзбекстан;
«Балапан», режиссеру Данияр Абиров, Кыргызстан.
Тасмалардын аталышынан байкалгандай, бул жолку форум пандемия учурундагы карантин темасына арналган. Тасмалар 22-декабрь күнү «Ала-Тоо» кинотеатрында көрсөтүлөт.
«Үмүт» жаш киночулар форуму Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан негизделген. Быйыл ал жакында эле коронавирустан көз жумган түштүк кореялык кинорежиссер Ким Ки-Дуктун жаркын элесине арналат.