Белгилүү болгариялык көзү ачык Ванга 2021-жылы Россияны демографиялык кризис күтүп турарын айтып, АКШда акыркы президент шайланып, жаратылыш кырсыктары болорун божомолдогон. Бул тууралуу «Пятый канал» телеканалы билдирди.

Көзү ачык Россиядагы демографиялык кризис биринчи жарым жылдыкта болот деп боолгологону айтылды. Эксперттер белгилегендей, бул коронавирус инфекциясы менен байланышта болуусу толук ыктымал. Жылдын экинчи жарымында кырдаал жакшырышы керек.

Маалыматта Ванга АКШда эмне болорун да алдын ала көргөнү айтылат. Анда «акыркы президент» жөнүндө кеп болууда. Маалым болгондой, ноябрда аталган мамлекетте президенттик шайлоо өтүп, азыркы президент Дональд Трамп жеңилгенин мойнуна албай жатат. Ал Жо Байдендин жеңишине ишенбей, ага кызматты өткөрүп берүүнү каалаган жок.

Көзү ачык аял Кошмо Штаттар ички көйгөйлөрүнөн улам дүйнөлүк аренадан четтеп калышы мүмкүн экенин да айткан. Алардын ордун «күчтүү ажыдаар» ээлейт деген. Кеп Кытай жөнүндө гана эмес, Россия менен Индия тууралуу да болуп жатат. Ванга эл «кызыл акчаларды» колдонуп каларын белгилеген. Эскерте кетсек, 100 юань менен 5000 рубль кызыл түстө.

Ванга 2021-жылы АКШдагы жаратылыш кырсыктары катталарын да айткан. Анда Калифорния штаты жаан көп жаагандан улам суунун алдында калышы ыктымал. Ал эми Лос-Анжелес, Сан-Франциско жана Сан-Диего шаарлары бороон-чапкындан улам жок болуп кетүү коркунучунда турары айтылды.

Телеканал Ванганын жакшы жаңылыктар тууралуу айтканын да жарыялаган. Көзү ачыктын айтымында, адамзат ракты жеңет. Ал онкология ооруларына каршы дары жасалганын, бирок өндүрүштөн чыга электигин билдирген.

Булак: Спутник кж