Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоо маселелери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү


14-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИОнун бөлүктөрүнүн жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү маалында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүнү жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселелери боюнча онлайн кеңешме өткөрдү
Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.


ИИМдин башчысы ички иштер органдарынын негизги тапшырмаларына көңүл буруп, ички иштер министрлиги алдыда боло турган окуянын маанилүүлүгүн эске алып, шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартип менен коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган бир катар чараларды көргөндүгүн билдирди.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдоонуу жана өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” буйругуна ылайык, ИИОнун кызматкерлери коомдук тартипти камсыздашат. Укук коргоо органдарынын алдына жүктөлгөн тапшырмаларды натыйжалуу аткаруу үчүн ыкчам штаб иштеп жатат. Аймактык ички иштер органдары үчүн коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыгып жөнөтүлдү. План өзүнө мыйзамдуулукту, жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо, шайлоо участкаларын, инвентарларды, шайлоо бюллетендерин жеткирүү коопсуздугун көзөмөлдөөнү камтыйт.


Шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө ИИМ ыкчам кырдаалды анализдөө менен бирге мыйзамдуулукту сактоо багытында мыйзам чегинде ыкчам чечимдерди кабыл алууну уюштурат. Министр өздүк курамга үгүттөө жана шайлоо учурунда жарандардын укугун жана коопсуздугун, коомдук тартипти сактоо менен гана ишмердүүлүгун жүргүзүп, шайлоо участкаларынын көзөмөлдөп, тартип бузууларды болтурбоо, анын алдын алуу иштерин күчөтүп, шайлоо комиссияларынын ички ишине кийлигишпөө тапшырмаларын берди. Республика боюнча 2420 шайлоо участкаларында коомдук тартипти 11 000 чукул милиция кызматкери камсыздайт. Ар бир шайлоо участкаларында милиция кызматкерлери жана жооптуу жетекчи бекитилди.
ИИМдин бардык бөлүктөрү шайлоо бюллетендерин даярдоо жана аны жеткирүү учурунда коопсуздугун камсыздайт. Башкы жана негизги тапшырма-коопсуздук деңгээлин жогорулатуу, кыргызстандыктардын укугун коргоо. Шайлоого байланыштууу бардык жабдыктардын сакталуу коопсуздугу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын ИИМдин бөлүктөрүнүн, шаардык, райондук башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башчыларына жүктөлдү.
“Коомдук тартипти сактоо боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин ар дайым жүргүзүү зарыл. Милиция мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам чараларды көрүш керек. Укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алып, алдыга коюлган тапшырмаларды так аткарып, элдин ишенимин актап, эң негизгиси саясаттан алыш болушу керек”, — деп Улан Ниязбеков баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү маселелери боюнча өткөн онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен милициянын ишмердүүлүгүнө байланышкан кошумча чаралар менен уюштуруучулук чечимдер кабыл алынат.
ИИМдин Басма сөз кызматы