Жогорку категориядагы доктур-терапевт, токсиколог, Илимий журналисттер клубунун мүчөсү Алексей Водовозов Sputnik радиосуна берген маегинде кыш мезгилинде масканы туура колдонуу жөнүндө айтып берди.

Адис белгилегендей, кышында, бир жолку медициналык жана көп жолу колдонула турган бет каптар, ошондой эле респираторлор колдонууга ылайыктуу. Бирок, аларды жылуу мезгилге караганда тез-тез алмаштырып туруу керек.

Анын айтымында, эгер маска кардан нымдуу болсо, ал жерде конденсат  топтолуп калгандыктан бет капты, медициналык же көп колдонулуучу экендигине карабастан алмаштырылышы керек.

«Кыш мезгилинде, бул актуалдуу болуп калат: биздин дем алып, дем чыгаруубуз айлана-чөйрөгө караганда бир кыйла жылуураак болгондуктан беткап нымданып же муз пайда болуусу мүмкүн. Ошондуктан аны тез-тез алмашып турушу керек », — деп баса белгиледи Водовозов.