11-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда дайынсыз жоголгон эки кишинин жансыз денеси табылды.

Айылдаштарынын айтымында, каза болгондор ага-ини (аталаш) болушкан. Алар 11-декабрь күнү таңкы саат 04:00-05:00 чамасында Кара-Талаа айылынын Арал тилкесинде көлгө тор салуу учурунда чөгүп кетишкен.

Маркумдардын бири 1970-жылы туулган А.К. болсо, экинчиси 1977-жылы туулган А.А. болгон.

Түштөн кийин алардын кайыгы оодарылып жатканын көргөн тургундар чөгүп кеткенин билишип, куткаруу бөлүмүнө кабарлашкан. Жергиликтүү тургундар чогулуп, милиция кызматкерлери, куткаруучулар менен бирге кайык менен издеп башташкан.

Алардын жансыз денеси кечки саат 21:30 чамасында 9 метр тереңдиктен табылган.

«Экөө эки жактан табылыптыр. Ортосундагы аралык 10 метр болгон. Экөө тең балык кармоочу торго илинип калышкан экен. Кантип чөгүп кеткени белгисиз. Көлгө тор салып жатканда бирөөсү кулап, экинчиси аны куткарам деп кирген окшойт», — деди алар.

Тургундардын айтымында, алардын кайыгы начар абалда болгон.

Буга чейин Тоң районунда дайынсыз жоголгон эки кишинин жансыз денеси табылгандыгы кабарланган.

Маалым болгондой, куткаруучуларга 1970-жылы туулган А.К. жана 1977-жылы туулган А.А. аттуу адамдар Кара-Талаа айылынын Арал тилкесине балык улоого кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Тоң райондук №38 ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, айыл өкмөттөн 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам чыгып, 2 кайык менен издешкен. Саат 21:50дө А.А.нын, саат 22:15те А.К.нын жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.