2020-жылдын ноябрь айынын орто чендеринде Кадамжай районунун Марказ айылынын 44жаштагы тургунунун үйүнө белгисиз атуулдар айнегин бузуп киришип, бөлмөнүн ичиндеги 80000 сом жана 1000 АКШ долларын уурдап изин жашырып кеткен. Бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Марказ айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжай районунун 28 жаштагы И.К. аныкталып, кармалып уурдалган акчалар өз ээсине кайтарылып берилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы