Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар деп айтылган журналисттик иликтөөгө карата комментарий берди.
«Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 21-ноябрындагы №3364-VI токтомуна ылайык, Айеркен Саймаитиге байланыштуу жагдайды иликтөө жана маалыматтарды текшерип чыгуу максатында убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
Комиссиянын курамына бардык парламенттик фракциялардын өкүлдөрү кирген жана аны Талант Мамытов жетектейт деген чечим кабыл алынган.
Депутаттык комиссиянын төрагасы катары ал комиссиянын бардык отурумдарына катышууга милдеттүү болчу. Ошондуктан, комиссиянын башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу Талант Мамытов анын бир да отурумун калтырган эмес деген сөздөрдү кандайдыр бир чечим кабыл алууда жеке кызыкчылыгын көздөгөн деп айтууга болбойт.
Журналисттик материалда айтылган анын жардамчысы Тынчтык Сулайманов Талант Мамытовдо 2019-жылдын май айына чейин иштеген. Матраимов менен туугандык байланышы бар экендиги белгилүү болгондон кийин ал кызматынан бошотулган. Башкача айтканда, Саймаити боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишмердүүлүгү учурунда Сулайманов Талант Мамытовдун консультанты болгон эмес жана анын ишинин жүрүшүнө эч кандай таасир эте алган эмес.
Кошумчалай кетүүчү нерсе, депутататтык комиссия иштеп баштаган учурдан тартып аталган факты боюнча 6 кылмыш иши козголгон.
Жыйынтыгында, укук коргоо органдарына «Азаттык» жана башка ЖМКлардын журналисттик иликтөөлөрүндө келтирилген фактылар боюнча кылдат текшерүү жүргүзүү жана анын жыйынтыктары боюнча укуктук баа берүү тапшырмасы берилген», — деп белгиледи Галина Байтерек.